Он бир жыл окуп мектепте,ыр десте сунам Мекенге!

Дата публикации: Dec 29, 2016 1:58:39 PM

Бүтүрүүчү класстар үчүн 2016-жылдын 16-декабры эң маанилүү күн болуп калды. Себеби, биринчиден тарых жана маданият жылын жыйынтыктап,экинчиден бүтүрүүчү класс болгондуктан "Он бир жыл окуп мектепте,ыр десте сунам Мекенге"аттуу темада отчёттук концерт бердик.Концертте Мекенге,атага,апага,мугалимге арналган ырлар окулуп,обондуу ырлар аткарылды.Концертте окуучулардын калемине таандык болгон ырлар,новеллалар окулуп,көрүүчүлөрдү бирде ыйлатса,бирде күлдүрүп, ар бир аткарылган номерлер кандайдыр бир денгээлде окуучулардын жүрөгүндө калды.Концерттин эң негизги максаты мекендин,ата-эненин ыйыктыгын,улуулугун даңазалоо,окуучуларды мекенчил болууга.ата-энени сыйлоого жана улууну урматтап,кичүүнү ызаттоого тарбиялоо болгон.Эмне демекчибиз,

Түндүгүмдөн тийген нурдай дүнүйөм,

Туу көтөрүп мекен үчүн сүйүнөм.

Пейли суудай таза калкым бар үчүн,

Кыргыз болуп каланыма сүйүнөм! деп өзүңөр айкандай ар дайым жүрөгүңөр Кыргызстан деп согуп,ар бир жасаган кадамыңар Мекен үчүн болсун урматтуу бүтүрүүчүлөр!