Биздин укуктарыбыз жана милдеттерибиз.

Дата публикации: Nov 23, 2016 9:4:39 AM

20-ноябрь -Балдардын укугун коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата 11 "А"класста ачык тарбиялык саат өтүлдү.Сабактын темасы "Биздин укуктарыбыз жана милдеттерибиз"деген темада болуп,окуучулар укуктары менен кошо милдеттерин да талдашып,кроссворд чечишип,укук бузуулар,коргоолор боюнча ар кандай кырдаалдарды талкуулашты.Ошондой эле эң негизги 3 жыйынтыкты алышты:

1.Укугуңду билүү менен милдетиң да бар экенин унутпа!

2. “Өзүңдү эр ойлосоң,бирөөнү шер ойло” дегендей,башкалардын укугун да сыйлоо керек!

3. “Улууга урмат кичүүгө ызат”дегендей эч качан кыргыз экениңди унутпа!

Сабактын аягында эң негизги 3 милдетти аткарууга сөз беришти:

1.Мекенибизди сүйүү жана Кыргыз Республикасынын гражданини деген статуска ээ экенибизге сыймыктануу!

2.Окуу,окуу жана окуу!

3.Жашоонун сергек мүнөзүн тандап,тартиптүү болуу!