РЕЗЮМЕ

Менин мугалимдик бакытым-бул балдардын жүрөгүндөгү бизге болгон ишеничтин чексиздигинде жана алардын бизден көп жакшы нерселерди,келечекти күткөн үмүттүү балбылдаган көздөрүндө.

Резюме Темиралиева.docx

Менин педагогикалык философиям

Мугалим билим менен акыл -эстин саяпкери.

Биздин жашоо- бул ар түркүн тустөгү карусель.Ачык айкын,кызыктуу маалыматтарга бай,күтүлбөгөн бурулуштар кайда алып барат,чечилбеген суроолордун түйүнүн кантип чечсе болот деп миң түрлүү ой-толгоолорду ойлонобуз.Жашоодогу мындай туруксуз ойлорду ойлоо менен жаркын келечекти үмүттөнөбүз.

Биздин келечек-бул балдар.Балдарды буудайдын даны менен салыштырсак,буудайды эксек,убагында сугарып,жакшы карасак,түшүм мол болуп,токчулук болот.Балдарга да туура жол көрсөтүп,татыктуу билим жана тарбия берип өстүрсөк,келечектеги мыкты инсан чыгат.

Мугалим катары менин миссиям-жаш инсандын жан дүйнөсүн татаал жана албуут келген дүйнөнүн агымына даярдоо.Азыркы балдар сырткы чөйрөдөгү ар түрдүү таасирлерди түз кабыл алат.Пайдалуу же пайдасыз деп жыйынтык чыгарууга алардын чыпкасы (фильтри) жок. Сырткы чөйрөдогү таасирлердин агымын призмадан өткөргөндөй таза жана тунук кылып билим берип,тарбиялап өстүрүү мугалимдин милдети.

Акылман Сократ айткандай "Бардык кесиптер адамдын өзүнөн берилет үчөө гана кудайдан ,алар:педагог,сот,врач".Бул акылмандан сөзү менин педагогикалык философиямдын жүрөгүнүн түпкүрүндө сакталат.Педагогика деген сөз өзү эле "Баланы жетелеп жүрөм,тарбиялайм"деп которулат эмеспи.

"Окуучу үчүн мектептеги эң негизги кубулуш,эң негизги окулуучу предмет,эң негизги көрсөтүлүүчү үлгү болуп МУГАЛИМ эсептелинет "деп немец педагогу Фридриг Дистервегдин айтканы талашсыз чындык.Ар бир мугалим мектептин дарбазасынын артындагы жашоосун,капачылыгын унутуп,ички дүйнөсүнө нур чачыратып,мектеп босогосун аттайт эмеспи.Күн сайын мындай демди кайдан алат?

Албетте окуучулардын балбылдаган көздөрүнөн.Мугалим окуучулардын үмүттөрүн актоом керек,алар мага ишенет деп тынымсыз эмгектенет.Алардын ишеничине кирүү үчүн мугалим кандай болуш керек?

Билимдин казынасына бай,тажрыйбасы мол,бир катар:артист,сүрөтчү,жазуучу,ырчы,кеңешчи сыяктуу сапаттарга ээ,ошондой эле мугалимдин устаканасында тынымсыз изденүү,заманбап технология,мугалимдин инсандык дарамети,балдар менен аяр жана чыгармачылык мамилеси,өз элинин эртеңи үчүн зор жоопкерчилигин сезген тазалыгы,улуттун угутун өз мээнети менен сугарган,мекенчил болуш керек.

Ар бир бала -бул жылдыз,ар бир жылдыз өзгөчө жаркырап ,күйүп турсун десек,аларга убакыт жана күч жумшоо керек.Жылдыз канчалык жарык болсо,биздин жашоо ошончолук толук кандуу жана жаркын келечектүү.Эгер бийик,чексиз тепкичтери бар мунараны карасак,ал мунарага чыгыш үчүн ,тепкичтер менен окуучулар барат,аларга мугалимдер жол көрсөтөт.Мугалимдин билими,тажрыйбасы,чыдамкайлыгы,тырышчаактыгы ар бир баланы бир тепкичтен экинчи тепкичке көтөрүлүүгө түрткү берет.Ошентип биз мугалимдер окуучулардын ойлонуусуна,кийинки аракетине,жашоодогу кыйынчылыктардан коркпоосуна,чырмалышкан жолдо туура багыт алуусуна жардам беребиз.Менин мугалимдик бакытым-бул балдардын жүрөгүндөгү бизге болгон ишеничтин чексиздигинде жана алардын бизден көп жакшы нерселерди,келечекти күткөн үмүттүү балбылдаган көздөрүндө.

менин ар бир сөзүм,ар бир кадамым балдардын жыргалчылыгы үчүн,демек Мекенибиз Кыргызстандын келечеги үчүн болсо экен деп кудайдан тилейм.


Өмүр баян

Мен Темиралиева Чолпон Каныбековна 1980-жылы 6-декабрда Нарын областынын Кочкор районунда тууулгам.

1987--жылы Кочкор районунун Кара –Күнгөй айылындагы Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебине 1-классына кирип,1998-жылы

11-классты бүтүрдүм.

1998- жылы Бишкек шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Физика жана Электроника факультетине тапшырып, 2003-жылы «Физика мугалими»адистигине ээ болдум.

Эмгек жолумду 2003-жылы Тамчы орто мектебинде физика мугалими болуп иштоодон баштадым.2008-2010-жылдары №85 Кесиптик лицейинде физика мугалими болуп иштедим.

Учурда Тамчы гимназия мектебинде физика мугалими болуп эмгектенүүдөмүн.

Мен жана менин кесибим жөнүндө

Мугалими күндөй турса чачырап,окуучусу гүл сыяктуу ачылат

Бала чагымда келечекте ким болосун деген суроого бардык эле балдар сыяктуу ар кайсы кесипти айта берчумун.Мектепте бүтүрүү экзамендери бүткөндөн кийин жогорку окуу жайга керектүү кагаз алуу үчүн апам экөөбүз мектепке бардык.Алдыбыздан кыргыз тилчи агайым тосуп алып, завуч келгенче учительскийде күтө тургула,кызынызды ырымдап завучтун отургучуна отургузунуз,жогорку окуу жайга өтүп,биздей мугалим болсун деген тилегин айтты.

Апам дагы "Кыз бала деген бирөөнүн бүлөсү ,кайда барсан да мугалим жана медсестра кесиби боюнча иштеп кете аласың" деп өзгөчө менин мугалим болуп калуума апам чон түрткү болду. “Даражан экөөбүз көчөгө бассак чоңу деле кичинеси деле салам берет,а эгер башка аяшым менен чыксам тааныгандар эле салам бербесе ,башкалары жөн эле басып кетет,ошондуктан мугалим бол,кадыр барктуу кесип “ деп апам көп айта берчү.Даражан менин биологиядан сабак берген мугалимим.

Ошентип Бишкекке да келдим,биздин сени чон окуу жайга окуутууга шартыбыз туура келбейт, 2жылдык медучилищеге оку,ийне сайганды үйрөнсөң болду деп,адегенде ал жакка барсак ,экзамендери кийинчерээк экен,анан эжем айтып калды: “Кызым жакшы окуйт дейсиң,мүмкүн университетке тапшырбайбы кулап калса медучилищеге тапшырат да”деп.Ал эми университетте физика жана электроника факультетине тапшырып калышыма, мектепте окуп жургондо физика сабагындагы ар бир теманы атам мисалдар аркылуу түшүндүрүп,мындайча айтканда мыкты практик болчу.Мындай дегеним айылдагы байкелер “Атаңа айтсан боло суу сугарганга темирден негр жасасын,башканын баарын жасаса кыйын жасайт” деп күлдүрүп калышчу.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин физика жана электроника факультетинин студенти болдум. Чынын айтсам мугалимдик кесип жаккан жок ,иштегим деле келген жок.Себеби 4-5- курста педагогикалык практикага чыкканда мугалимдик кесип ары туйшуктуу,ары жоопкерчиликтуу экенин сездим. 2003 –жылы университетти аяктадым,бирок бюджеттик бөлүмдө окугандыктан,дипломду 2 жылдан кийин аласынар деп, шаар четиндеги айылдарга физика мугалими болуп иштейсинер деп бөлүп жиберди.

Тагдырымдагы дагы бир жаны барак ачылып,Ысык-Көл районундагы Тамчы айылына турмушка чыктым.Ошентип 2003-жылдын сентябрь айында айылдагы мектепке физика мугалими болуп кабыл алындым,баягы апам айткан созду эстеп,айылда мектеп,больница,айыл өкмөтү гана иштеп алар айылдагы кадыр-барктуу адамдар экенин билдим да,ошол бойдон бул кесипке байландым.

Бара-бара жумушум жагып,мугалим тийип турган күн болсо,окуучулар күндөн кубат алып,ачылып турган гүл экенин билдим.

Ортодо айлык акы аз болуп,акчасы көбүрөөк жумушка да барып иштеп көрдүм.Тагыраагы Кош-Кол айылындагы №85 кесиптик лицейине физика мугалими,окуу болуму боюнча директордун орун басары болуп,система окшош,ошол эле көздөрү күлүп жайнаган окуучулар.Бирок акча оңой менен табылбайт да канчалык көп акча тапсаң,ошончолук көп иштейсиң,ал учурда үй-бүлөнү да унутпоо керек дегендей.

Кайрадан мектебиме келдим.МЕКТЕП-бул чон бакча болсо,БАЛДАР-бул гулдор,МУГАЛИМ болсо- бакчага билимдин уругун сээп,өстүрүп кайра жемишин алуучу бакчачы.(садовник)

Физика сабагына көп деле окуучулар кызыга беришпейт эмеспи,ошондуктан мен көбүрөөк турмуштагы мисалдарды келтирип,сабактын түрдүү формаларын колдонуп,теманы түшүндүрүп.алардын физика сабагына болгон кызыгуусун өстүрүүгө аракет жасайм.

Жаңы иштеп баштаган учурларда окубай келдин деп урушуп, “2” деген бааларды коё берчүмүн.Бара-бара балага көбүрөөк тарбия берип,жөндөмүнө жараша талап коюп,турмушта жакшы адам болушуна жол ачып,эң негизгиси адамкерчилиги жогору,мекенчил адам болуусуна туртку болушубуз керек экендигин тушундум.

Азыр болсо сабак боюнча “2” деген бааны койбойм,тескерисинче окуучу эмгектенип окуп,аз болсо да түшүндүрүп ,эсеп чыгарып берсе жакшы баа коём.

Замандын улам жаңылануусуна жараша заманбап техниканы окуучулар бизден жакшы билишет,ошондуктан сабагымда интернет пайдаланып,жаны инновациялык техника ,методика менен сабак өтүүгө аракет кылып келем.

Базар экономикасынын шартында ата-энелер балдарынын окуусуна,тарбиясына кайдыгер карап,мугалимдин гана мойнуна арта салып койгондой,ошондуктан мугалим окуучуну чын дилинен сүйүп,экинчи ата-эне катары мээримин төгүү керек.Ушунда гана мугалим чыныгы мугалим боло алат.Бул менин педагогикалык иш -тажрыйбамдагы жекече ой-пикирим.

Жандай сүйүп окуткан сүйүктүү окуучуларыма төмөнкү ыр саптарын арнап,обонго да салып ырдап берем.

Күндө келем мектеп ичи класска,

Күткөндөр бар,күткөндүгү ыраста.

Садагасы окуучулар эмеспи,

Сагындырган көрбөй калсам бир паска.

Балбылдаган көздөрүңдү карасам,

Таттуу кыял татынакай балапан.

Эжейлешип алдым тосуп чуркашса,

Ал жаныма кубат берчү арашан.

Бейпил күндүн ачып билим эшигин,

Бергим келет менден алчу кешигин.

Аларга эмей анан кимге арналмак,

Эл агартуу мугалимдик кесибим.